Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Д.Кемелова, Азия парламенттер аралык Суу боюнча консультативдик кеңешинин (The Asia National Assembly Water Consultative Board (мындан ары AAWC) экинчи отурумуна катышты

5197

2020-жылдын 8-9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Д.Кемелова, Азия парламенттер аралык Суу боюнча консультативдик кеңешинин (The Asia National Assembly Water Consultative Board (мындан ары AAWC) экинчи отурумуна катышты.

Элчи Д.Кемелова куттуктоо сөзүндө Түштүк Кореянын парламентарийи Бёнг Же Ил мырзаны Азиядагы Суу Консультативдик Кеңешинин Президентинин кызматына дайындалышы менен куттуктап, Азиядагы суу көйгөйлөрүн чечүүдө жана ири суу долбоорлорун жүзөгө ашырууда кеңешке жемиштүү иш калоо менен бирге суу ресурстарын эффективдүү башкарууда мыйзамдык колдоого үмүтүн билдирди.

Ошондой эле Элчи Кыргызстанда мөңгүлөрдүн интенсивдүү ээришине, жер жана кар көчкүлөргө, өлкөнүн алыскы аймактарындагы таза суу жетишсиздигине байланыштуу көйгөйлөргө катышуучулардын көңүлүн бурду.

Видеоконфренция аркылуу өткөн бул иш-чарага Корея Республикасынын, Камбоджа, Өзбекстан, Пакистан, Филиппин, Непал жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышышты.

Маалымат үчүн: AAWC - бул Азия өлкөлөрүнүн мыйзам чыгаруучуларынын эл аралык кеңеш берүү тармагы болуп, негизги иш-аракеттери Азиядагы суу көйгөйлөрүн чечүүнүн улуттук жолдорун ийгиликтүү ишке ашырууга багытталган. AAWC 2019-жылдын сентябр айында Кеңештин 1-отурумунда түзүлгөн.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK