Түштүк Кореядагы Кыргызстандын Элчиси Түштүк кореялык компаниялар менен саламаттыкты сактоо жаатында кызматташуу жана Кыргыз Республикасында долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулады

5103

2020-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Динара Кемелова Түштүк Кореянын бир катар компанияларынын жана уюмдарынын өкүлдөрү менен коронавируска каршы күрөшүү, саламаттыкты сактоо жана энергетика жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууда түштүк кореялык тарап өздөрүнүн компанияларын жана Кореяда өндүрүлгөн беткаптарды тартуулашты.

Элчи Кыргыз Республикасынын жагымдуу инвестициялык потенциалы, ошондой эле коронавируска каршы күрөштөгү кырдаал жөнүндө кыскача маалымат берип, Кыргызстандын аймагында медициналык багыттагы буюмдарды жана маскаларды чыгарууну жолго салуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуш кылды.

«A Zero Solution»  компаниясынын аткаруучу директору Минджи айым жана «G’Ocean» компаниясынын төрайымы И Шин Тэ менен болгон жолугушууда маданият жана саламаттыкты сактоо жаатында эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экологиялык таза продукцияны экспорттоодо потенциалы талкууланды. Тараптар Кыргызстандын аймагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Earth Energy Korea Президенти, ошондой эле "Korea Ubiquitous Society" Кеңешчиси Ким Джон О мырза менен энергетика тармагындагы мүмкүн болгон долбоорлорду жана Кыргызстанда ГЭСтин курулушун талкуулашты.

Ким Джон О мырза Кыргызстанга болгон кызыгуусун белгилеп, Кореялык компаниялардын инвестицияларын биздин өлкөгө тартууга көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди. Ошондой эле ал бизнес-форумдарды уюштуруу менен кыргыз жана корей компанияларынын ортосунда байланыш түзүү идеясын колдоду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK