Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги Ансан шаарындагы маданият фестивалына катышты

4806

2020-жылдын 18-октябрында, Корея Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилиги Түштүк Кореянын көп улуттуу шаары - Ансанда өткөн маданият фестивалына катышты. Фестивалдын ачылышында Кыргызстандын элчиси Динара Кемелова куттуктоо сөзүн сүйлөп, анда жергиликтүү бийликке чет элдик жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүп бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, көп улуттуу Кыргызстан жөнүндө айтып, эки өлкөнүн элдеринин окшоштугун белгиледи.

Катышуунун жүрүшүндө элчи Д.Кемелова Ансан шаарынын мэри Юн Хва Суб менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, анда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун келечеги талкууланды. Токмок жана Ансан шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү, эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу, ошондой эле Кыргызстандын жарандарын Ансандагы заводдор менен фабрикаларда жумушка орноштуруу маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK