" Seoul International Tourism Fair 2020" Эл аралык туристтик көргөзмөсү
2020-жылдын 9-ноябрынан 12-ноябрына чейин Сеул шаарында Корея эл аралык туристтик көргөзмөсү (КОТФА) тарабынан уюштурулган “Seoul International Tourism Exhibition 2020” Эл аралык туристтик көргөзмөсү өтөөрү жөнүндө маалымдайбыз.
Бул иш-чаранын максаты - чет өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстандын аймагында туризмди тааныштыруу.
Ошону менен бирге бул иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстандын туристтик компанияларынын өкүлдөрү төмөнкү байланыштар боюнча Кыргыз Республикасынын Элчилигине кайрылса болот:
Тел. +82 2 379 0952
Email: kubanychbekmurataliev@gmail.com
Кыргызстандын презентациясына ыктыярчылардын катышуусу кубатталат.
Ошондой эле, мекендештерибизден Кореяда жашаган өздөрү жөнүндө маалыматты кеңири жайылтууну жана биздин павильонго чакырууну өтүнөбүз.