Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Сеул шаарында аккредиттелген Элчилери Түштүк Кореянын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Чой Джун-гун мырза менен жолугушту

4723

2020-жылдын 28-октябрында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Сеул шаарында аккредиттелген Элчилери Түштүк Кореянын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Чой Джун-гун мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө алдыдагы маанилүү иш-чаралар, тактап айтканда Түштүк Кореянын Президенти Мун Чжэ Индин “Жаңы Түндүк Саясаты” демилгесин алкагындагы Эл аралык форумдун жана “Борбордук Азия - Корея Республикасы” кызматташтык форумунун ишине тараптардын катышуусу  талкууланды.

Элчилер эки тараптуу бир катар маселелерди, анын ичинде COVID-19 алкагында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жарандарынын Түштүк Кореяга баруусун жеңилдетүү жөнүндө маселесин көтөрүштү.

Кыргыз Республикасынын Түштүк Кореядагы Элчиси Д.Кемелова өз кезегинде жолугушуунун катышуучуларына Кыргыз Республикасындагы ички саясий кырдаалды акырындык менен турукташканын жана саясий процесстердин конституциялык талаага кайтып келиши жөнүндө маалымат берди. Кыргыз Республикасынын мурда кабыл алынган бардык эл аралык милдеттенмелерди аткарууну карманаары өзгөчө белгиленди.

Ушул форматтагы консультацияларды мындан ары туруктуу негизде өткөрүп туруу жөнүндө макулдашуусу жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK