"Ай-Пери" Борбор Азиялык маданият жана искусство ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги менен биргеликте корей аудиториясы үчүн маданий иш-чара өткөрүштү

4284

2020 жылдын 7-ноябрында Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясында Айсулуу Аширалиева жетектеген “Ай-Пери” маданий ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилиги менен биргеликте уюуштуруган, Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 28-жылдыгына карата арналган салтанаттуу концерттик программа болуп өттү.

Программанын алкагында кыргызстандык фотосүрөтчү Влад Ушаковдун Кыргызстандын элин жана жаратылышын чагылдырган фотокөрсөтмөсү жана ошондой эле Дияс Устемировдун чакан сүрөт көрсөтмөсү болуп өттү.

Программанын ачылышында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчиси Динара Кемелова куттуктоо сөз сүйлөп, анда эки тараптуу мамилелер ичинде маанилүү жетишкендиктер, тарыхий окуялар жана Кыргызстандагы учурдагы демократиялык процесстер жөнүндө айтып берди. Ошондой эле эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү үчүн биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Корея Республикасынын Парламентинин депутаты Чан Кын Тэ мырза өз сөзүндө кыргыз жана корей элдеринин окшоштугун белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты, анын ичинде KOTRA (Корея соода жана инвестицияларды илгерилетүү агенттиги) аркылуу алдыга жылдырууга көмөктөшүү ниетин билдирди.

Иш-чаранын ачылышында 2019-жылы Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келген Корея Республикасынын мурдагы Премьер-министри Ли Нак Ёндын куттуктоо каты окулду.

Маданий программанын алкагында кыргыз улуттук бийлер, ырлар, комуз күүлөр жана кореялык К-рор аткарылып, дизайнерлер Жумагүл Сариева, Замира Молдошева жана Динара Кошкарбаева тарабынан тартууланган кыргыз элинин улуттук кийимдеринин, ошондой эле корей улуттук Ханбок кийиминин көрсөтмөлөрү болуп өттү.

Ошондой эле кореялык коноктор улуттук даамдарынын, кыргыз балынын жана Кыргызстандын кургатылган мөмө-жемиштеринин негизинде даярдалган мөмө-жемиш чайынын даамын татып көрүштү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK