Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Карагуловдун, Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министри Шейх Ахмад Насыр Аль-Мухаммад Аль-Сабахка ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшыруусу тууралуу.

2760

2021-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министри Шейх Ахмад Насыр Аль-Мухаммад Аль-Сабахка ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

Тапшыруу аземинин алкагында эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү талкууланды. Министр шейх Ахмад Насыр Аль-Мухаммад Аль-Сабах А.Карагуловду кызматына киришип жаткандыгына карата куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелеп ырааттуу өнүгүп жаткандыгын жана колдонула элек потенциалын белгиледи.

А.Карагулов жыйынтыктоочу сөзүндө ыраазычылыгын билдирип, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жана өз ара пайдалуу мамилелерди тереңдетүүгө болгон күчүн жумашай тургандыгын белгиледи.

  • 2021-жылдын 15-июлунда Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министри Шейх Ахмад Насыр Аль-Мухаммад Аль-Сабахка ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK