Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейттин Мубарак Ал-Кабир провинциясынын губернатору генерал Махмуд Бушахри менен жолугушту

2437

2021-жылдын 4-октябрында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейттин Мубарак Ал-Кабир провинциясынын губернатору генерал Махмуд Бушахри менен жолугушту.

Элчи А.Карагулов кыргыз-кувейт кызматташтыгынын негизги жетишкендиктери жана келечеке коюлган пландар, анын ичинде сапарларды уюштуруу, мекемелер аралык байланышты жандантуу ж.б. тууралуу маалымат берди. Оң жетишкендиктердин катарында, Бишкек менен Эл-Кувейттин ортосундагы аба каттамдын ачылуусу менен кувейттик туристтердин санынын өсүүсү белгиленди.

Өз кезегинде провинциянын губернатору, Мубарак Ал-Кабир провинциясы Кувейттеги эң жаңы провинциядардын бири экендигин айтып, эки өлкөнүн ортосундагы тыгыз кызматташууга бардык потенциалдар бар экендигин белгиледи. Кувейт жарандарынын Кыргызстанга баргандан кийинки жакшы пикирлери жана эскерүүлөрүн эске алып, туризм тармагында кызматташуу өзгөчө белгиленди.

Элчи А.Карагулов М.Бушахрини Кыргыз Республикасына таанышуу сапары менен барууга чакырды. Провинция губернатору өз тарабынан Бишкеке ишкер чөйрөсүнүн адамдары менен барууга кызыктарлыгын билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүжана жеке тармактын өкүлдөрүнүн ортосунда байланыштарды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK