Урматтуу шайлоочулар!

2549

2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо өтөт.

Кувейт Мамлекетинде добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 08.00дөн кечки саат 20.00гө чейин, Сурра районунун 6-бөлүмчөсүндө, 13-көчөдөгү № 34 дарегинде жайгашкан Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилигинин имаратында жайгашкан №9046 шайлоо участкасында жүргүзүлмөкчү.

Маанилүү!

Добуш берүүгө консулдук жана биометрикалык каттоосу бар жана шайлоочулардын тизмесине кирген Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат.

Ушуга байланыштуу өзүңөрдү алдын ала «Тизме» -https://tizme.gov.kg шайлоочулар тизмесинин порталынан текшерип алууга чакырабыз. Тиземеге катталуу үчүн Элчиликте биометрикалык же консулдук каттоодон 2021-жылдын 12-ноябрына чейин өтүү зарыл.

Добуш берүү үчүн сөссүз түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук паспортторунун (оригинал) бирин көрсөтүү зарыл, алар ички паспорт (ID), жалпы жарандык паспорттор.

Кошумча суроолор боюнча участкалык шайлоо комиссиясынын катчысына кайрылыңыздар:

1. Канымкулов Нурмухаммед – №9046 УШК, тел.: +96551192101

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK