Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министринин орун басары, Эл аралык уюмдардын иштери боюнча департаментинин директору - элчи Абдельазиз Аль-Джарралла менен жолугушту

2958

2021-жылдын 14-декабрында эл аралык жана регионалдык уюмдардын, БУУ жана анын уюмдарынын алкагында эки тараптуу кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулоо максатында, Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин Тышкы иштер министринин орун басары, Эл аралык уюмдардын иштери боюнча  департаментинин директору - элчи Абдельазиз Аль-Джарралла менен жолугушту.

Элчи А.Карагулов кувейттик тарапты Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүүдөгү демилгелери менен тааныштырып, у.ж. ноябрында ЮНЕСКО тарабынан “Тоолуу мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүү жана изилдөөнү кеңейтүү” жана 2022-жылды “Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн жылы” деп жарыялоо тууралуу резолюциянын долбоорун илгерилетүү боюнча милдеттер менен тааныштырды.

А.Аль-Джаралла кувейттик тараптын климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө өзгөчө көңүл буруусун белгилеп, бул багытта Кувейт достук мамиледеги өлкөлөрдүн улуттук жана эл аралык демилгелерин принципиалдуу позициясын колдой тургандыгын белгиледи.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар, у.ж. ноябрында Глазгодо өткөн БУУнун климаттын өзгөрүүсү тууралуу алкактык конвенциясынын 26-климаттык саммитине катышуунун алкагында КР Президенти менен Кувейттин Премьер-министринин жолугушуусунун жыйынтыгына канааттанууну билдирип, мындан ары дагы ар кайсы деңгээлдерде тыгыз кызматташууга даярдыгын белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK