2023-жылдын 14-16-февралы аралыгында, Эль-Кувейт шаарында, “Heritage Expo-965” аттуу улуттук маданиятты чагылдырган көргөзмө болуп өттү

347

2023-жылдын 14-16-февралы аралыгында, Эль-Кувейт шаарында Кувейт Мамлекетинин Маданият Министринин жана Жаштар иштери боюнча Министрлигинин колдоосу менен Өлкөнүн Эгемендүүлүк Күнүнө арналган “Heritage Expo-965” аттуу улуттук маданиятты чагылдырган көргөзмө болуп өттү.

Бул көргөзмө Кувейттеги чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, маданият тармагындагы өнөрпоздордун, көл өнөрчүлөрдүн, зергерлердин, ж.б. ар кыл тармактын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп, анын алакагында ар түрдүү шоу программалар аткарылды.

Өз кезегинде Элчилик аталган иш-чарага активдүү катышып, кыргыз улуттук кийимдерин, тамак-аштарын, ата мекендик өндүрүмдөрүн жана көл-өнөрчүлүк буюмдарын көргөзүштү. Аны менен бирге Эль-Кувейт шаарындагы кыргыз диаспорасынын жана Элчиликтеги дипломаттардын балдарынын аткаруусунда “Жаштар маршы”, “Ибарат”, “Насыйкат” ж.б. кыргыз улуттук күүлөрүн көрүүчүлөр үчүн тартуулашты.  

Элчиликтер үчүн бөлүнүп берилген атайын павильондо, көргөзмөгө келген коноктор кыргыз тамак-аштарынан даам татып, кыргыздын маданияты, тарыхы, туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Көргөзмөнүн негизги жыйынтыктары катары кээбир көрүүчүлөр кыргыз продукцияларын импорттоога кызыкдарлыгын билдиришип, айрыкча  “COMPAS” кувейттик туристтик компаниясы өз ара кызматташтыкты сунуштады.

  • 2023-жылдын 14-16-февралы аралыгында, Эль-Кувейт шаарында Кувейт Мамлекетинин Маданият Министринин жана Жаштар иштери боюнча Министрлигинин колдоосу менен Өлкөнүн Эгемендүүлүк Күнүнө арналган “Heritage Expo-965” аттуу улуттук маданиятты чагылдырган көргөзмө болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK