“Heritage Expo-965” аттуу көргөзмө

156

2024-жылдын 13-15-февралы аралыгында, Эль-Кувейт шаарында Кувейт Мамлекетинин Маданият Министринин жана Жаштар иштери боюнча Министрлигинин колдоосу менен уюштурулган “Heritage Expo-965” аттуу улуттук маданиятты чагылдырган көргөзмө болуп өттү.

Бул көргөзмө Кувейттеги чет өлкөлүк дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, маданият тармагындагы өнөрпоздордун, көл өнөрчүлөрдүн, зергерлердин, ж.б. ар кыл тармактын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп, анын алакагында ар түрдүү шоу программалар тартууланды.  

Өз кезегинде Элчилик аталган иш-чарага катышып, кыргыз улуттук кийимдерин, тамак-аштарын, ата мекендик өндүрүмдөрүн жана кол-өнөрчүлүк буюмдарын тартуулады.

Элчилик үчүн бөлүнүп берилген атайын павильондо, көргөзмөгө келген коноктор кыргыз тамак-аштарынан даам татып, кыргыздын маданияты, тарыхы, туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты. Көргөзмөнүн негизги жыйынтыктары катары кээ бир көрүүчүлөр кыргыз продукцияларын импорттоого кызыкдарлыгын билдиришип, анын жол-жоболору тууралуу маалымат алышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK