2024-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилиги Кувейтте жашаган мекендештер үчүн ооз ачыруу (ифтар) уюштурду.

149

      2024-жылдын 7-апрелинде Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилиги Кувейтте жашаган мекендештер үчүн ооз ачыруу (ифтар) уюштурду. КРнын Кувейттеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Ө.Гапаров катышуучуларды Ыйык Рамазан айы менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалап, жарандардын ортосундагы достукту жана биримдикти бекемдөөгө Элчилик ар дайым аракет кылаарын баса белгиледи.
     Аталган иш-чара мекендештерибиз үчүн Элчиликтин кызматкерелери менен жеке консулдук маселелер боюнча түздөн-түз пикир алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк түзүп, анын жүрүшүндө жарандар консулдук каттоого турушуп, керектүү болгон кызматтарды алышты. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK