Маданият тармагындагы кыргыз-кувейт кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

97

2024-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Ө.Гапаров Кувейт Мамлекетинин Маданият, искусство жана адабият боюнча Улуттук Ассамблеясынын Башкы катчысынын орун басары Аиша Аднан Аль-Махмуд айым менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар достук маданий байланыштарды чыңдоо максатында Кыргыз-Кувейт өкмөттөр аралык комиссиясынын III-жыйынында кол коюлган 2023-2025-жылдарга карата маданият багытындагы аткаруу Программасын талкуулашты. 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдык маарекесинин алкагында эки өлкөнүн дипломатиялык карым-катнашынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөө менен бирге 2024-жылдын ичинде борбор шаарларда маданий күндөрдү, ал эми Кувейт Мамлекетинде кыргыз улуттук кийимдеринин жарманкесин жана туристтик көргөзмөлөрүн өткөрүүнү макулдашышты. Мындан тышкары, Кувейтте Кыргыз киносунун күндөрүн уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр орун алды.

Жолугушуунун соңунда тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы кадамдарын белгилешип, дайыма тыгыз байланышта болууну белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK