Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилиги, Кувейт Мамлекетинин Улуттук күнү майрамына карата уюштурулган “Kuwait Market 2020” аттуу иш-чарага катышты.

5015

Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилиги 2020-жылдын 15-февралында, Кувейт Мамлекетинин Улуттук күнү майрамына карата Фарвания провинциясынын жетекчилиги тарабынан уюштурулган “Kuwait Market 2020” аттуу иш-чарага катышты. Аталган иш-чарага Кувейт Мамлекетинде аккредитацияланган 40 ашуун дипломатиялык өкүлчүлүктөр дагы катышты.
Кыргыз Республикасынын туризм, өндүрүш жана экспорттук потенциалын, ошондой эле маданиятын жайылтуу максатында, иш-чаранын конокторуна Элчилик кыргыз тоо балын, кургатылган мөмөлөрдү, чөп-чайларды, сувенирлерди, кийимдерди, ошондой эле эки өлкө ортосунда ачылган түз аба каттамга басым жасоо менен Кыргызстандын туристтик потенциалын тартуулады. Коноктор кыргыз улуттук тамак-аштарынан даам татышты.
Иш-чарага катышууда Элчиликке убактылуу иштеп жүргөн жана кувейттик окуу жайларда окуган мекендештер көмөк көрсөтүп, активдуу катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK