2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялоо жөнүндө

2609

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары,

 

Ушуну менен 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Элчилиги - УШК №9040 шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын контролдук тизмесин жарыялайбыз.

 

УШК №9040 шайлоочулардын контролдук тизмесин БУЛ жерден көрө аласыздар.

 

Ошону менен бирге, 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүгө ниеттенген шайлоочулардын тизмесине киргизүү мөөнөтү 2021-жылдын 12-ноябрында аякталышын эскертебиз. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, бул процедура Кыргыз Республикасынын жарандарынын консулдук каттоого алынышын жана биометрикалык маалыматтарын тапшырууну камтыйт.

Ушуга байланыштуу, жогоруда аталган шайлоо тизмесине кирбей калган, бирок алдыдагы парламенттик шайлоодо добуш берүүгө ниеттенген Кытай аймагында Элчиликтин консулдук округунда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошкондо) Элчиликтин консулдук каттоосунан өтүп, биометрикалык маалыматтарыңызды тапшырышыңызды өтүнөбүз (эгерде ушул убакытка чейин тапшырбасаңыз). Ошондо гана Сиз 2021-жылдын 28-ноябрында добуш берүү үчүн Элчиликтин (УШК №9040) шайлоочулардын тизмесине киргизилесиз.

Ошондой эле, Сиз өзүңүздү тизмелерден онлайн түрдө - https://tizme.gov.kg/ шилтемеси аркылуу текшере аласыз.

Эгерде сиз өзүңүздү Элчиликтин (УШК №9040) тизмесинен таппасаңыз же каталар же так эместиктер болсо, Элчиликке кайрылыңыз. Бул учурда инсандыгын тастыктоочу төмөнкү документтердин бирин көрсөтүү зарыл: Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (чет элдик паспорт), кызматтык же дипломаттык паспорт.

 

Каттоо үчүн консулдук жыйымдар алынбайт.

 

Бардык суроолоруңуз боюнча төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыз болот:

 

Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Элчилиги

Дареги: H-10/11, Kings Garden Villa, No.18, Xiaoyun Road, Chaoyang District, Beijing北京朝阳区霄云路18号,京润水上花园别墅H10/11号)

Тел.: 010-64681348.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK