2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосуна шайлоочулардын катышуусу жөнүндө

2532

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары,

 

2021-жылдын 28-ноябрына “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы ПЖ №370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын VII чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоосу дайындалганын дагы бир ирет билдиребиз.

Шайлоо күнү Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон бардык жарандары, анын ичинде чет өлкөдө жүргөн жана жашап жаткан жарандар да өздөрүнүн шайлоо укуктарын пайдалана алышат.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринде консулдук каттоосунда турган Кыргыз Республикасынын жарандары гана чет өлкөдө добуш бере алышат.

Кытайда, Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигинин консулдук округунда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары Элчиликте бирдиктүү шайлоо округу боюнча – № 9040 УШКнын шайлоо участогунда добуш бере алышат.

Ал үчүн 2021-жылдын 12-ноябрына чейин (кошкондо) Элчиликтин консулдук каттоосунан өтүп, биометрикалык маалыматтарын тапшырыш керек (эгерде буга чейин тапшырбасаңыз).

Эгерде сиз биометрикалык маалыматыңызды тапшырып, Элчиликтин консулдук каттоосунда турсаңыз, анда Сиз автоматтык түрдө №9040 УШКнын шайлоо участогунда шайлоочулардын тизмесине киргизилесиз. Добуш берүү күнү Элчиликте №9040 УШКнын шайлоочулардын тизмесине кирген жарандар гана добуш берүүгө укуктуу болот.

Тизмелерден өзүңүздү онлайн түрдө https://tizme.gov.kg/ шилтемеси боюнча же Элчиликтин сайтынан текшерсеңиз болот. Эгерде сиз өзүңүздү бул тизмеден таппасаңыз же каталар же так эместиктер болсо, Элчиликке кайрылыңыз.

Бул учурда инсандыгын тастыктоочу төмөнкү документтердин бирин көрсөтүү зарыл: Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта), Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (чет элдик паспорт), кызматтык же дипломаттык паспорт.

Каттоо үчүн консулдук жыйымдар алынбайт.

Бардык суроолоруңуз боюнча төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыз болот:

 

Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Элчилиги

Дареги: H-10/11, Kings Garden Villa, No.18, Xiaoyun Road, Chaoyang District, Beijing北京朝阳区霄云路18号,京润水上花园别墅H10/11号)

Тел.: 010-64681348.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK