КЭР Мамкеңешинин Премьери Ли Кэцян Акылбек Жапаровду дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгына 30 жыл толушу менен куттуктады

2008

Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровду жана кыргыз элин Кытай Эл Республикасы жана Кыргыз Республикасы ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктады.

Телеграмманын текстинде төмөнкүлөр айтылат:

«Дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылы ичинде стратегиялык жетекчиликке жана биздин өлкөлөрдүн лидерлеринин жеке катышуусуна жараша кытай-кыргыз мамилелери үзгүлтүксүз өнүгүүдө. Учурда ал ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн бийик деңгээлине жетти. Эки өлкө ортосунда саясий өз ара ишеним чыңдалып, «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагында кызматташтык ырааттуу өнүгүп, практикалык кызматташтыкта оңдуу жыйынтыктарга жетишилди. Күн сайын маданий-гуманитардык алака күч алууда, бул эки мамлекет ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү үчүн бекем пайдубал болуп саналат. 

Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасы менен мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет. Мен сиз менен биргеликте биздин мамлекеттердин башчыларынын бардык макулдашууларын ишке ашырууга, эки өлкөнүн жана элдин жыргалчылыгы үчүн келечекте кытай-кыргыз мамилелерин тереңдетип өнүктүрүүгө даярмын.

Кыргыз Республикасына - өнүгүп-өсүүнү, ал эми кыргыз элине тынчтыкты жана бакубатуулукту каалайбыз!».

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK