Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү жөнүндө 28-ноябрь 2021-жыл

2250

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары,

 

Ушуну менен 2021-жылдын 28-ноябрында (жекшемби) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы чакырылышынын депутаттарын шайлоосу болорун эскертебиз.

 

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Элчилиги 2021-жылдын 28-ноябрында шайлоо укуктарын ишке ашыруунун алкагында Элчиликтин консулдук каттоосунда турган Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жаңы чакырылышындагы депутаттарын шайлоодо добуш берүү үчүн активдүү катышуу өтүнүчү менен кайрылат.

 

Добуш берүү үчүн 2021-жылдын 28-ноябрында (жекшемби) Элчиликке келип, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID карт) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту (загранпаспорт), кызматтык же дипломатиялык паспорту жаныңыздарда болуусу зарыл.

 

№9040 шайлоо участкаласы жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт.

 

Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Эличилигинин дареги:

г.Пекин, район Чаоян, ул. Сяоюньлу 18, компаунд Цзинжунь Шуэйшан Хуаюань Бешу, H10/11;

H-10/11, King`s Garden Villa, No.18, Xiaoyun Road, Chaoyang District, Beijing;

北京市朝阳区霄云路18号,京润水上花园别墅H10/11

 

Маалымат алуу үчүн телефон: 010-64681348

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK