Маалыматтык билдирүү

1570

2022-жылдын 3-сентябрында Пекиндин Элдик өкмөтүнүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, борборго келүү үчүн төмөнкү карантиндик чаралар киргизилген:

1. Пекинге келе турган жарандар борборго келер алдында 48 сааттын ичинде ПЦР тестинен өтүп терс жыйынтыгы, ошондой эле Пекиндин "Жашыл ден соолук QR коду" бар болушу керек;

2. Мындан сырткары, борборго келгенден кийин 24 сааттын ичинде ПЦР тестинен өтүп, 24 сааттан кийин 72 сааттын ичинде кайрадан тест тапшырыш керек. Ошол эле учурда шаарга келгенден кийин 7 күндүк карантиндик режимин сактоосу зарыл – шашылыш муктаждыксыз учурда, жашаган жайынан чыкпоо, эл көп чогулган жерлерге (соода борборлору, ресторандар ж.б.) барбоо, коомдук транспорт менен жүрбөө, тууган, достор менен чогулбоо;

3. Акыркы 7 күндүн ичинде COVID-19 инфекциясы менен бир учур жуктуруу аныкталган Кытайдын башка аймактарынан (шаарлар, облустар, округдар ж.б.) жарандар Пекинге кирүү чектөө коюлган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK