Президент Садыр Жапаров Пекин шаарындагы Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине барды

1665

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-февралда, Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында өтүп жаткан XXIV Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты. 

Иш-чара «Куш уясы» деп аталган Пекин улуттук стадионунда өттү.  Аземдин катышуучулары менен меймандарына, анын ичинде

 чет мамлекеттердин жетекчилерине, чет элдик делегациялардын өкүлдөрүнө жана эл аралык уюмдардын жетекчилерине заманбап технологиялар жана атайын эффекттер колдонулган театралдаштырылган оюн-зооктор көрсөтүлдү. Спортчулардын парадына ата-мекендик лыжачы Максим Гордеев  катышып, стадиондо Кыргызстандын желегин көтөрүп өттү. Аземдин соңунда КЭР Төрагасы Си Цзиньпин оюндарды ачык деп жарыялады.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасында иш сапары менен жүрөт жана анын алкагында   Кышкы Олимпиада - 2022 оюндарынын расмий ачылыш аземине барды.

  • Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 4-февралда, Кытай Эл Республикасынын Пекин шаарында өтүп жаткан XXIV Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK