Жаңы жылга карата Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.Кулубаевдин чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендештерге куттуктоо сөзү

483

Сиздерди келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер. Баарыбыз эңсеп күткөн керемет ирмемдер жакындап, жылдын жаңырышына саналуу сааттар калды.

Салттуу түрдө жыл аягында өткөн мезгилге көз чаптырсак, мамлекетибиз, аны менен бирге биз дагы соңку бир нече жылдан бери маанилүү тарыхый окуяларга бай мезгилди башыбыздан кечирип жатканыбызды байкайбыз. Республикабыз быйыл коомдук-саясий, социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө белсенип, кыйынчылыктарды жеңүүгө бардык күч-аракеттерин жумшады. Албетте, алыста жүргөн эмгек мигранттарынын Кыргызстанда калган ата-энесине, туугандарына көрсөткөн эбегейсиз жардамы гана эмес, дээрлик өлкө экономикасына да салып келген финансылык салымы зор экени анык.

Ошондой эле, чет жакта иштеп жаткан кыргыз жарандары кайдыгер калбай, өлкөбүздө жүрүп жаткан маданий-гуманитардык, социалдык-экономикалык, коомдук-саясий процесстерге аралашып, жигердүү катышып келгени кубандырат. Башка мамлекетте эмес, океандын ары жагындагы континентте жүрсө да мекендештерибиз кыргыздын каада-салтын карманып, руханий баалуулуктарын сактап, тилин жана дилин көкүрөгүнө түйүп жүргөнү биз үчүн сыймык.

Өз кезегинде өлкө жетекчилиги да эл аралык мамилелердин каражаттарын колдонуу аркылуу эмгек мигранттарынын чет жакта жашоо, эмгектенүү абалын жакшыртуунун үстүндө иштеп жатат. Буга мисал катары ү.ж. 27-декабрында Бишкек шаарында Эмгек миграциясы маселелери боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын жумушчу тобунун жыйынын келтиргим келет. Кыргыз бийлиги менен Россия Федерациясынан келген делегация тарабынан бир топ маанилүү маселелерди, анын ичинде медициналык кароону Кыргызстандын аймагында өтүү, мигранттардын үй-бүлө мүчөлөрүнө ОМС полисин тариздөө, КР жарандарын “кара тизмеден” жеңилдетилген тартипте чыгаруу, ошондой эле иммиграциялоого чейинки даярдоо борборлорун ачуу маселелери талкууланды.

Кыйынчылыктарга карабай чет жакта тайманбай аракеттенип, өлкө ичинде саясий абалды турукташтыруу процессине катышып, өлкөдөн тышкары мейкиндикте мамлекетибиздин беделин көтөрүү жаатында биз жүргүзгөн ишке көрсөткөн көмөгүңүздөр жана Мекенди өнүктүрүүгө кошкон салымыңыздар үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Биздин күчүбүз биримдикте экенин баарыбыз жакшы түшүнөбүз жана Кыргызстандын, балдарыбыздын жаркын келечегин камсыздоо үчүн аракеттерибизди мындан ары да биргеликте улантабыз деп үмүттөнөм.

Урматтуу чет жакта жүргөн мекендештер!

Келе жаткан жыл элибиз үчүн, анын ичинде алыста эмгектенген сиздер үчүн ынтымакты даңазалап, жерибизге токчулукту чачкан берекелүү жыл болсун. Бейпилдикти, тынчтыкты жана туруктуулукту тартуулаган жыл болсун. Ар бириңиздер ден соолукта болуп, мекенибизге аман кайтышыңыздарга тилектешмин.

Жаңы жыл баарыңыздарга татыктуу жашоо, ырыскы-кешик жана бакыт-таалай алып келсин.

Жаңы жылыңыздар менен!

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK