Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын жамаатына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жаңы жетекчиси Жээнбек Кулубаевди тааныштырды

1286

Бүгүн, 2022-жылдын 23-апрелинде, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук аппаратынын жамаатына Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жаңы жетекчиси Жээнбек Кулубаевди тааныштырды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тышкы саясатта координациялоочу ролун күчөтүү жана өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын эл аралык аренада натыйжалуу илгерилетүү боюнча милдеттердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде КР Тышкы иштер министрлигинин жаңы жетекчиси Ж.Кулубаев өлкө жетекчилигине ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле дипломаттарды жылуу кабыл алуу менен тышкы саясаттын актуалдуу маселелерине токтолуп, министрликтин негизги артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Ж.Кулубаевдин мамлекеттик жана дипломатиялык ишинин зор тажрыйбасын белгилеп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.Кожошев жаңы жетекчиге жана министрликтин жалпы жамаатына ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK