КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Армения Республикасынын Тышкы иштер министри А.Мирзояндын төрагалыгы астында ЖККУ ТИМКтин кезектеги жыйынына катышты

1325

2022-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Армения Республикасынын Тышкы иштер министри А.Мирзояндын төрагалыгы астында ЖККУ Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Министрлер эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, ошондой эле региондордогу, анын ичинде ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүнө жакын жайгашкан аймактардагы кырдаалга терс таасирин тийгизген маселелер боюнча мындан аркы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алышты.

Министр Ж.Кулубаев өз сөзүндө ЖККУнун Жамааттык күчтөрүн пайдалануунун жол-жоболорун өркүндөтүү, ошондой эле ЖККУнун Кризистик кырдаалдарга чара көрүү борборунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.

Тараптар ЖККУга мүчө мамлекеттердин коопсуздугуна учурдагы жана жаңыдан пайда болуп жаткан чакырыктар менен коркунучтарга чара көрүү үчүн тыгыз кызматташууну улантууну макулдашышты.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер ведомствонун башчысы Ж.Кулубаев Армения Республикасынын Премьер-министри Н.Пашиняндын ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлери менен жолугушуусуна катышты.

Ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын эл аралык коопсуздук маселелери боюнча билдирүүсү кабыл алынып, ЖККУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнүн 2022-2024-жылдарга карата тышкы саясат, коргонуу жана коопсуздук боюнча консультацияларынын планы бекитилди.

ЖККУнун министрлер кеңешинин кезектеги жыйынын 2022-жылдын экинчи жарымында Армения Республикасында өткөрүү пландалууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK