Өтө маанилүү! Кытай Эл Республикасынын визасын алган жана Кытайга барууга пландаган Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маалымат билдирүү

1315

Кыргызстандан Кытайга (үчүнчү өлкө же аймак аркылуу түз же транзиттик каттамдар менен) бара жаткан Кыргыз Республикасынын бардык жарандары учардын алдында КЭРдин Кыргыз Республикасындагы Элчилигинен http://hrhk.cs.mfa.gov.cn/H5/ сайты аркылуу “Жашыл ден соолук QR кодун” алыш керек.

Бул үчүн Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин расмий сайтында (http://kg.china-embassy.gov.cn) жарыяланган кытай тарабынын бардык талаптарын аткаруусу зарыл.

Мындан тышкары, үчүнчү өлкө аркылуу Кытайга транзит менен бара жаткан бардык жүргүнчүлөр Кытайга учар алдында транзиттик өлкөдө тиешелүү процедураларды кайталап, ал өлкөдөгү Кытайдын дипломатиялык/консулдук өкүлчүлүктөрүнөн жаңы “Жашыл ден соолук QR кодун” алыш керек.

Ошол эле учурда Кытайдын дипломатиялык/консулдук өкүлчүлүктөрүнөн Кытайга учуу үчүн “Жашыл ден соолук QR кодун” алуу талаптары жөнүндө акыркы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматты алдын ала билүүсү зарыл.

Кытайга авиакаттамга отурардын алдында мобилдик телефон аркылуу “Жашыл ден соолук QR кодунун” электрондук версиясын авиакомпаниянын өкүлдөрүнө текшерүү үчүн көрсөтүш керек. “Жашыл ден соолук QR коду” болбосо, Кытай бийлигинин талаптарына ылайык, авиакомпаниялар жүргүнчүлөрдү рейске отургузууга уруксат бербейт.

КЭРге кирүүгө түз авиакаттамдар менен же үчүнчү өлкө аркылуу бир гана транзит менен уруксат берилет.

Акыркы маалыматтар боюнча, кээ бир авиакомпаниялар Кытайга учаар алдында жүргүнчүлөрдү өз каражаттарынын эсебинен ПЦР-тесттердин тапшыруусу менен Кытайга уча турган өлкөнүн мейманканасында жамааттык карантинден өтүүнү талап кылышат (мисалы, Бишкек-Үрүмчү рейси менен Кытайдын “Түштүк авиакаттамы” авиакомпаниясы жүргүнчүлөрдөн Кытайга учканга чейин 5 күндүн ичинде мейманканада жамааттык карантиндик байкоодон өтүшүн талап кылат).

Мындан тышкары, Кытайга келгенден кийин, КЭР бийликтери тарабынан кабыл алынган акыркы карантиндик эрежелерге ылайык, бардык жүргүнчүлөр өз каражаттарынын эсебинен төмөнкү формула боюнча Кытайга келген шаарда обсервациядан өтүшү керек: 7 күн (мейманканада) + 3 күн (үйдө карантиндик байкоо). Ошол эле учурда, эгерде жүргүнчү Кытайга келген шаарда үй карантининен өтүүгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, анда ал мейманканада 10 күн обсервацияда болот (эскертүү: Кытайдын аймагына жана эпидемиологиялык абалга жараша) мейманканада жамааттык карантиндин мөөнөтү жогоруда көрсөтүлгөн 7+3 күндөн да ашык болушу мүмкүн).

Кытайга келген шаарда жамааттык карантин аяктагандан кийин акыркы бара турган пунктка жөнөп кетер учурда, эгерде Кытайга келген шаар COVID-19 инфекциясы жуктуруу коркунучу бар аймак катары белгиленген болсо, акыркы баруучу жерде да белгилүү бир убакытка өз эсебинен обсервациядан өтүүгө талап кылынат.

Ошондуктан бул маселени кабыл алуучу тарап менен (жеке адам, уюм, университет ж.б.) чечиш керек, ал жүргүнчү үчүн акыркы келе турган жерде карантинди уюштуруу боюнча алдын ала тиешелүү иштерди жүргүзүшү керек.

Мындан тышкары, Кытайга учуп келген шаардан акыркы бара турган пунктка учуп кетердин алдында жарандар бул пунктка учуу үчүн рейстин абалын алдын ала билип турууну жана бул авиакаттам болбой калган учурда жамааттык карантинден өтүп жаткан мейманканада убактылуу калыш керек. Рейс болору тууралуу маалымат тастыкталгандан кийин гана жолго чыгыш керек.

Ошону менен бирге, Кытайга барууга пландап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кытайда ден соолуктун жашыл QR кодун (健康码), ошондой эле жүрүү карталарын (行程卡) коомдук жайларда, анын ичинде ички каттамдарга отуруу учурунда, мобилдик телефондор аркылуу текшерүү системасы киргизилгенине көңүлүн бурабыз (эскертүү: Кытайдын ар бир регионунда/шаарында өзүнүн ден соолуктун QR кодун көрсөткөн тиркемелери бар). Бул тиркемелер "WeChat" же "Alipay" аркылуу ачылат.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын бул колдонмолорго алдын ала катталып, ден соолук жана жүрүүчү карталарынын жашыл QR коддорун алууну суранабыз, ансыз Кытайдын аймагында жүргөндө көйгөйлөр жаралышы мүмкүн. Ошону менен бирге, жогоруда көрсөтүлгөн тиркемелерде катталуу үчүн кытайдын уюлдук операторлорунун SIM-карталарын сатып алуу (өз атыңызга каттоо) сөзсүз түрдө керек экендигине көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Жогоруда айтылгандардын негизинде, ошондой эле КЭР бийликтери тарабынан көрүлгөн катуу карантиндик чараларды эске алуу менен, Кытайга келээр алдында бардык жарандарды Кытайдагы кабыл алуучу жак менен жогорудагы маселелерди алдын ала чечип алууну суранабыз.

Ошол эле учурда, Кытайга келгенден кийин бардык төлөмдөр WeChat же Alipay тиркемелери, ошондой эле банк карталары же накталай акча аркылуу юань менен гана төлөнүшү керек экендигине дагы көңүлүңүздөрдү бурабыз. Карантиндик мейманканаларда акча алмаштыруу кызматтары көрсөтүлбөйт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK