2023-жылдын 20-мартында ШУАРдын партиялык комитетинин секретары, Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мучөсү Ма Синжуи менен жолугушуусу болуп өттү

153

Кыргыз Республикасынын Кытай Эл  Республикасындагы Элчиси Актилек Мусаеванын Шиньцзян-Уйгур автономиялык районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында, 2023-жылдын 20-мартында ШУАРдын партиялык комитетинин секретары, Кытайдын Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мучөсү Ма Синжуи менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде коопсуздук чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүү, транспорт, соода, маданий-гуманитардык алмашуу жана башкалар боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

Тараптар кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Иркештам” жана “Төрүгарт” өткөрмө пункттарынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун, ошондой эле Кыргызстандан Кытайга айыл чарба продукциясын экспорттоо үчүн жашыл коридор менен камсыздоонун маанилүүлүгүн өз-өзүнчө баса белгилешти.

«Нарын» менен «Кашкар» интеграцияланган зонанын ортосундагы практикалык кызматташтыкты, ошондой эле чек арадагы электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн зарыл шарттарды түзүү максатында эки өлкөнүн почта кызматтарынын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнүн алкагында «Манас» эпосун жайылтуунун, ошондой эле Кыргызстанда жана ШУАРда өткөрүлгөн маданий иш-чараларга эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунун маанилүүлүгү белгиленди.  Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Жолугушуунун жыйынтыгында ШУАРдын элдик өкмөтү тарабынан ШУАРдын жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн Кыргызстандан келген студенттерге стипендиялык квота бөлүү, Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча аба каттамдарын көбөйтүү боюнча макулдашууга, өз ара пайдалуу практикалык аракеттенүүнү орнотуу жана ишке ашыруу үчүн тараптардын тиешелүү мекемелеринин иш сапарларын уюштуруу маселелери талкууланды. 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK