Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен КЭР Компартиясынын БК Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Компартиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

68

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында КЭР Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолукту. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар энергетика, транспорт, логистика, почта байланышы, айыл чарба, туризм, маданият жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин карашты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун атынан салам жолдоду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы кыргыз-кытай мамилелери прогрессивдүү өнүгүп жатканын белгилеп, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын май айында өлкө Президентинин мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды тез арада ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы кыргыз тараптын Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын айтып, анын ичинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун белгиледи.

Тараптар “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрүү пункттарын модернизациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурушту.

Бул багытта МинКаб Төрагасы эки өткөрүү пунктунун ишин оптималдаштыруу, анын ичинде алардын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, жолду реконструкциялоо жана кеңейтүү, ошондой эле айдоочулук визаларды берүү зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар кыргыз-кытай чек арасында жаңы “Бедел” өткөрүү пунктун ачуу жана “Барскоон-Учтурфан-Ак-Суу” автожолун куруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Тараптар гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлорду жана энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда жакшы перспективалар бар экенин билдиришти.

“Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда, атап айтканда СУАР менен энергетика тармагында тыгыз кызматташтыкты түзүү маселеси биринчи кезектеги артыкчылык болуп саналат. Кыргыз тарап Сары-Жаз дарыясында ГЭС куруу долбоорун биргелешип ишке ашырууга кызыкдар”, - деп  белгиледи Акылбек Жапаров.

Чек арадагы коммерция жана соода маселелерин талкуулоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Нарын облусунда жана Ош облусунун Алай районунда соода-логистикалык комплекстерди жана алымсыз чек ара соода жайларын түзүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы кыргыз тараптын Кытай жана СУАР компаниялары менен электрондук коммерцияны жана почта байланышын өнүктүрүүдө, тездетилген “жашыл коридорду” камсыз кылууда, ата мекендик продукциянын кытай рыногуна жеткиликтүүлүгүн жеңилдетүү, фитосанитардык жана ветеринардык лабораторияларды алдыңкы жабдуулар менен жабдуу боюнча тыгыз кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

МинКаб Төрагасы кытай тарапка “Улуу Жибек жолу” бренди менен биргелешкен туристтик продуктуну түзүүнү сунуштады, ошондой эле СУАР Өкмөтүнүн кыргызстандык студенттерге СУАРдын жогорку окуу жайларында окууга 25 квоталык бюджеттик орундарды бөлүп берүү чечимине ыраазычылык билдирди. 

Өз кезегинде КЭР Компартиясынын БК Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Компартиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасынын ынтымактуу дос кошунасы экендигин белгиледи. 

“Синьцзян-Уйгур автономиялуу району географиялык жактан Кыргызстанга жакын жана биз энергетика, жашыл экономика, почта байланышы, электрондук коммерция тармагында кызматташууну тереңдетүүгө даярбыз. Биз Кыргызстандан СУАРга продукция алып келүүгө дагы кызыкдарбыз жана экономикалык жана гуманитардык байланыштарды чыңдоого багытталган долбоорлорду колдоого даярбыз. Ошондой эле өлкөлөрүбүздүн ортосундагы аба каттамдарынын санын көбөйтүү зарыл”, - деди Ма Синжуй. 

Ма Синжуй бул сапардын алкагында кыргыз тараптын Кытай-Евразия ЭКСПОго катышуусунун жана кыргыз-кытай бизнес форумун уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен СУАРдын мамлекеттик органдарынын ортосунда бир катар келишимдерге жана документтерге кол коюшту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK