МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров менен КЭР СУАР Компартиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында кол коюлган документтердин тизмеси

57

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй бир катар эки тараптуу документтерге кол койду:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур Автономиялуу районунун Элдик Өкмөтүнүн ортосундагы электр энергиясы менен камсыздоо максатында энергетикалык инфраструктураны туташтыруу боюнча ниеттер жөнүндөгү меморандум;

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун Элдик Өкмөтүнүн ортосундагы пландалган “Бедел” өткөрүү пункту аркылуу өтүүчү автожолду куруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандум;

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур Автономиялуу районунун Элдик Өкмөтүнүн ортосундагы чек арадагы электрондук коммерцияны өнүктүрүү үчүн эки өлкөнүн почта кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тездетилген почтаны илгерилетүүнү активдештирүү жөнүндөгү макулдашуу; 

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур Автономиялуу районунун Элдик Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарына Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн 25 стипендиялык орун берүү жөнүндөгү макулдашуу;

5. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен ТВЕАнын ортосунда Сары-Жаз каскадын курууда кызматташуу боюнча ниеттер жөнүндөгү меморандум;

6. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен ТВЕА компаниясынын ортосундагы 500 кВ “Кемин-Торугарт” электр линиясын куруу боюнча кызматташуу жөнүндөгү Меморандумдун долбоору.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK