МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров “Кытай-Евразия: товарлар жана соода 2023” ЭКСПО көргөзмөсүндөгү Кыргыз Республикасынын павильонуна барды

70

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна (КЭР СУАР) болгон жумуш сапарынын алкагында “Кытай-Евразия: товарлар жана соода 2023” ЭКСПО көргөзмөсүнө барды.

Көргөзмөгө барган Министрлер Кабинетинин Төрагасы машина куруу, энергетика, экология, өнөр жай жабдуулары, курулуш технологиялары, электр техникалары, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, саламаттыкты сактоо жана медициналык техникалар сыяктуу товарлардын кеңири ассортименти менен таанышты. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле ата мекендик продукциялар коюлган Кыргыз Республикасынын павильонунда болду.

Белгилей кетсек, Үрүмчү шаарында (СУАР) 17-августтан 21-августка чейин Азия менен Европанын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган “Кытай-Евразия: товарлар жана соода 2023” ЭКСПО көргөзмөсү өткөрүлөт. 

ЭКСПО Кытайда 2015-жылдан бери өткөрүлүп келет, ал эми бул жылдын негизги темасы сооданы өнүктүрүү болуп саналат.

Көргөзмөгө 1,3 миңден ашуун компания, анын ичинде дүйнөдөгү ТОП-500 алдыңкы компаниялардын 25ши катышууда.

Буга чейинки “Кытай-Евразия: товарлар жана соода” ЭКСПОлору 2015, 2017 жана 2021-жылдары өткөрүлгөн. Аларга дүйнөнүн 46 өлкөсүнөн жана аймактарынан 3,7 миңден ашуун компания катышкан.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK