Президент Садыр Жапаров Шэньси провинциясынын Компартиясынын Парткомунун Катчысы Чжао Идэни кабыл алды

60

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 7-сентябрда, өлкөгө сапар менен келген Шэньси провинциясынын (Кытай Эл Республикасы) Коммунисттик партиясынын Партиялык комитетинин Катчысы Чжао Идэни кабыл алды.

Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелеринин кеңири чөйрөсү боюнча пикир алмашуу болду, ошондой эле келечекте биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн приоритеттери белгиленди.

Мамлекет башчысы кыргыз-кытай мамилелеринин динамикалуу өнүгүүсүн белгилеп, 2023-жылдын май айында Кытайга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Шэньси провинциясына жемиштүү сапарын канааттануу менен айтты. 

Учурдан пайдаланып, Садыр Жапаров КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпинге жылуу саламын жолдоп, Сиань шаарында "Борбор Азия-Кытай" форматындагы мамлекет башчыларынын деңгээлинде Борбор Азия мамлекеттери менен Кытайдын кызматташуусунун жаңы механизми ишке киргизилгенин белгиледи. 

Президент Кыргызстан менен Шэньси провинциясынын ортосундагы практикалык кызматташтыкты чыңдоонун, атап айтканда, соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда ишкердик байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Садыр Жапаров быйылкы жыл Кытай менен эки тараптуу мамилелердин топтомунун активдешүүсү менен мүнөздөлүп жатканын канааттануу менен баса белгиледи. Ар кандай деңгээлдеги байланыштардын жогорку динамикасы байкалууда, биргелешкен экономикалык долбоорлор ийгиликтүү жылдырылууда.

Мындан тышкары, Мамлекет башчысы кыргыз тарап октябрь айынын аягында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын Кеңешинин Бишкектеги кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цяндын Кыргызстанга расмий сапар менен келишин чыдамсыздык менен күтөөрүн белгиледи.

Өз кезегинде Шэньси провинциясынын Коммунисттик партиясынын Парткомунун Катчысы Чжао Идэ делегацияны жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкө ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө жана азыркы деңгээлине канааттангандыгын билдирди. Алардын делегациясынын Кыргызстанга сапарынын негизги миссиясы - "Борбор Азия-Кытай" Саммитинде эки мамлекет башчыларынын ортосундагы келишимдерди ишке ашыруу.

Чжао Идэ Кыргызстан тууралуу өз ой-пикирлери менен бөлүшүп жатып, учурда өлкөдөгү ички саясий кырдаалдын туруктуулугун, ошондой эле Кыргызстандын экономикасынын туруктуу өнүгүүсүн белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ал Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин жетишилген жаңы деңгээлине канааттануу менен баса белгиледи. Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаровдун Кыргызстан менен Шэньси провинциясынын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди активдештирүү зарылдыгы тууралуу пикири менен макул болуп, кызматташуунун негизги багыттарын атады. 

Жыйынтыгында тараптар мындан ары да практикалык өз ара аракеттенүүнү бекемдеп, улантууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK