Төрага Акылбек Жапаров Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян менен кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

63

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров менен Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цяндын ортосунда кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөр болду.

Кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык, энергетикалык, каржылык, транспорт-транзиттик, айыл чарба, билим берүү жана илим тармактарында ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Ошондой эле буга чейинки жогорку деңгээлдеги сапарлардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча кеңири пикир алмашуу болду.
 
Мындан тышкары, МинКаб Төрагасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик сапарын “2023-жылдын эң маанилүү окуясы” деп атады жана эки мамлекеттин башчыларынын күч-аракети менен эки тараптуу мамилелер “жаңы доордо ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлдү”.

Андан соң тараптар кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн күн тартибин талкуулоого киришти.
 
МинКаб Төрагасы Кытай Кыргызстандын негизги соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгилеп, биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
 
Мындан тышкары, ал өз ара сооданын өсүү динамикасын, 2023-жылдын январынан июнь айына чейин 102 млн АКШ долларын түзгөн кытайлык өнөктөштөрдүн Кыргызстандын экономикасына инвестициясынын көлөмүн белгиледи.

Транспорт жана инфраструктура чөйрөсүндөгү кызматташтыкты талкуулоонун алкагында МинКаб Төрагасы “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу боюнча эң ири долбоорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурду.

“Темир жолдун курулушу Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын “Бир алкак – бир жол” демилгесин ишке ашырууда маанилүү байланыш болот, аны Кыргыз Республикасы биринчилерден болуп чоң шыктануу менен колдогон”, - деген белгиледи Акылбек Жапаров, бүгүнкү күндө тараптардын биргелешкен каржылоосу менен долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, анда жаңы линияны куруунун техникалык жана экономикалык максатка ылайыктуулугу тастыкталганын кошумчалады. > Мээрим СИП: Андан ары Акылбек Жапаров “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштеши эки өлкөнүн ортосундагы өз ара товар жүгүртүүнү мындан ары жогорулатуунун негизги фактору экенин белгилеп, “Эркечтам” көзөмөл өткөрүү пунктунун 5-чакырымындагы Нура айылына баруучу жана 7,5-чакырымындагы “Торугарт” постуна баруучу жолду жакшыртуу боюнча оңдоо иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

“Эркечтам” жана “Торугарт” көзөмөл өткөрүү пункттарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу жана алардын жүк өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында кыргыз тарап көзөмөл-өткөрүү пунктун күнү-түнү жана 24/7 иштөө режимине өткөрүүнү сунуштады.

МинКаб Төрагасы ошондой эле кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” жаңы өткөрүү пунктун ачуу жана “Барскоон-Учтурфан-Аксу” унаа жолун куруу боюнча тыгыз кызматташууга жана биргелешкен күч-аракетке даяр экендигин билдирди.
 
МинКаб Төрагасы энергетика тармагындагы кызматташууга өзгөчө көңүл буруп, Сары-Жаз дарыясында ГЭС каскадын, “Жогорку Нарын ГЭС каскадын”, “Камбар-Ата 1 ГЭСин”, “Суусамыр-Көкөмерен ГЭС каскадынын” курулушун, анын ичинде гидроэнергетиканы өнүктүрүү сыяктуу артыкчылыктуу долбоорлорду белгиледи.

Эки тараптуу экономикалык кызматташуунун жаңы механизмдери катары МинКаб Төрагасы бажы алымсыз чек ара соода модели жана комплекстүү бажы зоналары менен эл аралык соода борборлорун ачуу аркылуу чек ара аймактарынын айланасында экономикалык өнүгүү алкагын түзүүнү белгиледи.
 
Андан ары ата мекендик айыл чарба продукциялары Кытай базарына экспорттоону жогорулатуу максатында МинКаб Төрагасы кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пунктунда ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды ачууну сунуштады.

МинКаб Төрагасы көтөргөн маанилүү темалардын бири тең укуктуу негизде кыска мөөнөттүү визасыз режимди киргизүү аркылуу эки өлкөнүн жарандары үчүн визаны либералдаштыруу маселеси болду.
 
Ал ошондой эле өз кезегинде Кыргызстан бир тараптуу түрдө Кытайдын өзгөчө административдик аймактары – Сянган (Гонконг) жана Макао жарандары үчүн 30 күнгө чейинки мөөнөткө визасыз режимди колдоно баштаганын кошумчалады.

Билим берүү тармагындагы маселелерди талкуулоодо МинКаб Төрагасы Кыргызстанда кытай тилин үйрөнгөндөрдүн саны жыл сайын өсүп жатканын жана учурда Кытайдын ЖОЖдорунда түрдүү программалар аркылуу 2 миңден ашуун Кыргыз Республикасынын жараны билим алып жаткандыгын белгиледи.

МинКаб Төрагасы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарынын бири катары белгиледи.

“Кыргызстан менен Кытайды Улуу Жибек Жолунун дооруна чейин созулган көп кылымдык тарых жана маданият байланыштырып турат жана биздин маданий карым-катнашыбыздын узак тарыхы биздин өлкөлөрдүн элдеринин ортосундагы терең байланыштарды далилдеп турат, жана ал жыл сайын күчөп баратат”, - деген МинКаб Төрагасы жана маданият, искусство жана кино тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди.

Өз кезегинде Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Цян Кыргызстан Кытайдын ишенимдүү өнөктөшү болуп келгенин жана болуп кала берээрин белгилеп, эки тарапты кызыктырган долбоорлорго практикалык колдоо көрсөтүүгө толук даяр экенин билдирди.

“Биз миң жылдык достук жана жалпы чек ара бириктирген жакшы коңшулар гана эмес, биз биринчи кезекте бир тууганбыз жана өнөктөшпүз”, – деди Ли Цян.

Мындан тышкары, ал Кыргызстан менен узак мөөнөттүү мамилелерди иш жүзүндө илгерилетүүгө даяр экендигин белгилеп, ошондой эле саясий өз ара ишенимди чыңдоонун маанилүүлүгүн кошумчалады.

Мамлекеттик Кеңештин Премьери ошондой эле кыргыз-кытай кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган бир катар сунуштарды айтты.

Соода-экономикалык кызматташтык багытында Мамлекеттик Кеңештин Премьери Кытай биргелешкен соода жүгүртүүдө тарыхый максимумга жетишүүгө умтула турганын белгиледи.

Мындан тышкары, Ли Цян кытай тараптын айыл чарба тармагындагы кызматташууну тереңдетүүгө даяр экендигин белгиледи.

Бул багытта Мамлекеттик Кеңештин Премьери кытай тараптын Кыргыз Республикасынан кытай базарына органикалык таза продукцияны импорттоого кызыкдар экенин билдирип, айыл чарба жарманкелери, ЭКСПО жана башка ушул сыяктуу аянтчалар ата мекендик продукцияны элге тартуулоонун эң сонун жолу боло алаарын кошумчалады.

““Биздин “дарбазаларыбыз” кыргызстандык өнөктөштөр үчүн ачык, биз бул аянтчаларды чогуу пайдалана алабыз”, - деди Ли Цян.

Мындан тышкары, ал “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу боюнча бул долбоорду ишке ашыруу үчүн кытай тараптын позициясын айтып, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу боюнча биргелешкен аракеттер аяктаганын, ошондой эле каржы моделин макулдашуу боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Андан ары ал транспорт, инфраструктура, өнөр жай, билим берүү жана маданият тармагындагы кызматташуу маселелерине токтолду. Бул багытта Ли Цян “Бедел” жаңы өткөрмө пунктун куруу долбоорун иш жүзүндө илгерилетүүгө, “Эргечтам” жана “Торугарт” көзөмөл өткөрүү пунктарынын ишмердүүлүгүн жогорулатууну айтты.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн студенттери үчүн маданий жана билим берүү программаларын, ошондой эле эки мамлекеттин элдерин жакындаштырууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери кыргыз тарапка ушул жылдын 26-октябрында Бишкекте өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынын уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Кыргызстандын кооз жаратылышы жана кыргыз элинин меймандостугу мага таасир калтырды. Мен Кыргызстанда жүргөндө өзүмдү бактылуу сезем", - деп жыйынтыктады Ли Цян.

Акылбек Жапаров менен Ли Цяндын сүйлөшүүлөрүнүн соңунда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрү тарабынан бир катар документтерге жана макулдашууларга кол коюлду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK