Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен Кытай Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий борборлорду өз ара түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

60

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «2023-жылдын 18-майында Сиань шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Маданий борборлорду өз ара түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 18-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты көрсөтүлгөн Макулдашууну ратификациялоо үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

Макулдашуу Кытай Эл Республикасында кыргыз маданий борборун түзүүнү жана Кыргыз Республикасында кытай маданий борборун түзүүнү караштырат.

Көп улуттуу региондогу улуттук-маданий борборлордун өз ара аракеттенүүсү улуттук маданиятты жайылтуунун эң натыйжалуу куралы болот, анткени маданий борборлордун линиясы боюнча эки тараптуу алмашуу бир катар өзгөчөлүктөргө ээ, алар биринчи кезекте өз маданиятын пропагандалоо жана чет өлкөлөрдө өлкөнүн позитивдүү образын түзүү менен байланышкан.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK