Пекинде ШКУнун катчылыгы анын негизделгенинин 20 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрдү

113

2024-жылдын 22-февралында Пекин шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгы ШКУнун Катчылыгынын негизделгендигинин 20 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара уюштурду.

Иш-чарага ШКУнун Башкы катчысы Чжан Мин, Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭРдин Тышкы иштер министри Ван И катышып, катышуучуларды мааракелик датасы менен куттукташты.

Иш-чаранын жүрүшүндө КЭР Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги жана өкүлдөрү, ШКУга мүчө-мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын башчылары, ШКУнун Катчылыгына караштуу ШКУга мүчө-мамлекеттердин туруктуу өкүлдөрү жана башка коноктор катышышты.

Ошондой эле, иш-чаранын катышуучуларын ШКУга мүчө мамлекеттердин элдеринин материалдык жана руханий маданияты менен тааныштырган ШКУ өлкөлөрүнүн улуттук кийимдери көрсөтүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK