Элчи А.Мусаева «Борбор Азия-Кытай» Катчылыгынын ачылыш аземине катышты

109

2024-жылдын 30-мартында Сиань шаарында (Кытай) Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Актилек Мусаева «Борбор Азия-Кытай» Катчылыгынын ачылыш аземине катышты.

Аталган салтанаттуу иш–чарага КЭР Тышкы иштер министринин орун басары Сунь Вэйдун, Шэньси провинциясынын Кытай Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин Катчысы Чжао Идэ, «Борбор Азия-Кытай» Катчылыгынын аткаруучу директору У Инцинь, ошондой эле Кытайдагы Борбор Азиянын дипломатиялык миссияларынын башчылары, КЭР жана Борбор Азия мамлекеттеринин башка расмий ɵкүлдɵрү катышышты.

Кыргызстандын Кытайдагы Элчиси Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин куттуктоо катын окуп берди.

Элчи А.Мусаева Катчылык Борбор Азия менен Кытайдын мамилесин мындан ары бекемдөөгө маанилүү жана олуттуу салым кошот деген ишенимин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK