Элчи Актилек Мусаева Пекиндеги чет тилдер университетинин ректору Цзя Вэньцзян менен жолугушту

242

2024-жылдын 26-апрелиде Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчиси Актилек Мусаеванын Пекин Чет тилдер университетинин ректору Цзя Веньцзян менен жолугушуусу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү тармагындагы кызматташуунун келечегин жана багыттарын талкуулашты.

Элчи А.Мусаева ошондой эле Пекин чет тилдер университетинде ачылган, кытайлык студенттерге кыргыз тилин үйрөтүүчү «Кыргызстан борборуна» барды.

Жолугушуунун алкагында Элчи А.Мусаева Борборго белек катары Чыңгыз Айтматов, Алымкул Осмонов, Төлөгөн Касымбеков сыяктуу кыргыз жазуучуларынын кыргыз жана орус тилдериндеги китептер жыйнагын тартуулады.

Жолугушуунун алкагында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100-жылдыгына, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80-жылдыгына, ошондой эле улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналган фотокөргөзмө уюштурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK