КРнын КЭРдагы Элчилигинин Монголиядагы болуп өткөн “Кыргызстан жана Монголия – руху жакын өлкөлөр” аттуу темадагы тегерек стол тууралуу пресс-релизи

3511

2019-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Элчилигинин (айкалаштыруу менен бирге) кеңешчи-кичи элчиси Р.Аданов Монголиянын Мамлекеттик Универститетинде (ММУ) болуп өткөн “Кыргызстан жана Монголия – руху жакын өлкөлөр” аттуу темасындагы тегерек столуна катышты.

ММУнун жетекчилери, профессордук-окутуучу составы, студенттери жана коомдук ишмерлери атап кеткен иш-чарага катышып, анын алкагында Элчиликтин өкүлү саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тарабындагы кыргыз-монгол мамилелери жөнүндө айтып берди.

Аны менен бирге, тегерек столдун алкагында, катышуучуларга Кыргызстандагы саясий жана экономикалык тармагындагы өнүгүүлөр боюнча, ошондой эле мамлекеттин туристтик мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берилди.

Кыргызстандын эстелик даталарына өзгөчө көнүл бурулган, атап кеткенде: Кыргыз ССРнын мамлекеттик ишмери Абдыкадыр Орозбековдун туулган күнүнүн 130-жылдыгы, Кыргыз ССРнын манасчы жана Эл артисти Саябай Каралаевдин туулган күнүнүн 125-жылдыгы, Кыргызстандын мамлекеттик ишмери Батырали Сыдыковдун 80-жылдыгы, КРнын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 75-жылдыгы жана кыргыз тилин мамлекеттик статус берген Мыйзамды кабыл алуусунун 30-жылдыгы.

Иш-сапардын ичинде Р.Аданов Монголиянын ТИМнин, Жол жана транспорт өнүгүү министрлигинин жана Билим, илим, маданият жана спорт министрлигинин өкүлдөрү менен тийиштүү жолугушууларды өткөрдү.

  • 2019-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Монголиядагы Элчилигинин (айкалаштыруу менен бирге) кеңешчи-кичи элчиси Р.Аданов Монголиянын Мамлекеттик Универститетинде (ММУ) болуп өткөн “Кыргызстан жана Монголия – руху жакын өлкөлөр” аттуу темасындагы тегерек столуна катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK