“Кыргызстан – Монголия” футбол оюнуна катышуу боюнча пресс-релизи

4007

2019-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы жана Монголиядагы Элчилигинин кеңешчи-кичи элчиси Р.Аданов Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын колдоо үчүн Пекинден Монголиянын Улан-Батор шаарына барды. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Монголия менен беттешип, кыргызстандык футболчулар 2:1 эсебинде жеңишке жетишти. 

Улуттук курама командасынын оюнчаларын Кыргызстандан келген жана Монголияда жашаган кыргыз күйөрмандар футбол боюнча мелдешине катышып колдоосун көрсөтүштү.

Мелдештин аягында Элчиликтин өкүлү Кыргызстандын улуттук курама командасына жана машыктыруучулар тобуна куттуктоо сөздөрдү айтып жана алдыдагы оюндарга ийгиликтерди каалады.

  • 2019-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы жана Монголиядагы Элчилигинин кеңешчи-кичи элчиси Р.Аданов Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын колдоо үчүн Пекинден Монголиянын Улан-Батор шаарына барды. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Монголия менен беттешип, кыргызстандык футболчулар 2:1 эсебинде жеңишке жетишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK