МААНИЛҮҮ! Кыргыз Республикасынын жарандарына Кытайдагы коронавирустун кырдаалы боюнча маалымат.

5887

Азыркы учурда Кытайдын территориясында жаңы түрдүү коронавирустун дүрт этүүсү белгиленип, вирустун көп тараган жерлери катары Кытайдын борбордук жана түштүк провинциялары саналат.

Ошондуктан, бул вирустун жугуу коркунучун төмөндөтүү максатында, Кытайдагы же Кытайга келүүгө пландаштырыган мекендештерибизге төмөнкү коопсуздук чараларды аткарууга чакырабыз:

  • Мүмкүн болушунча элдердин массалык жыйылган жерлеринен алыс болуу;
  • Кытайдын коронавирус тараган территорияларына сапарларды чектөө;
  • Колдон келишинче сактоо маскаларын колдонуу;
  • Чийки же чала бышырылган малдын азыктарын колдонбоо, анын ичинде сүт, эт, өзгөчө деңиз азыктарын колдонбоо;
  • Кайнатылбаган сууну ичкенден баш тартуу;
  • Колду, жашылча, жер-жемиштерди өтө кылдаттык менен жуу.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK