Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсү

3482

 

Өлкөдөгү коомдук-саясий, эпидемиологиялык жана аны менен байланыштуу экономикалык кырдаалды турукташтыруу, шайлоо процессине калктын ишеним артуу деңгээлин жогорулатуу максатында, коомдун кыйла кеңири катмарынын ой-пикирин эсепке алуу зарылчылыгына байланыштуу 2020-жылдын 22-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу тууралуу» КР конституциялык Мыйзамын кабыл алды, ага ылайык Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык 2021-жылдын 1-июнунан кечиктирилбестен жарыяланат.

2020-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнүн мыйзамдарына ылайык жана бардык саясий күчтөр менен консультациялардын жыйынтыгы боюнча 2021-жылдын 10-январында Кыргызстандын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын туруктуулукту жана улуттук ынтымакты орнотуу, демократиялык кайра түзүүлөрдү жана парламентаризмди илгерилетүү, мыйзамдын үстөмдүгүн бекемдөө, адамдын укуктарын коргоо жана кубаттоо процесстерин уланта тургандыгы жөнүндө билдирет.

Кыргыз Республикасы өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин жана мурда кол коюлган бардык эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерди жана макулдашууларды так аткара тургандыгын, өзүнүн чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен достук өз ара мамилелерди өнүктүрүүдө, инвесторлордун укуктарын коргоодо жана Кыргызстандын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда жолун улантуучулукту жактаарын тастыктайт.

Кыргыз Республикасы өзүнүн чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен кызматташууну толук жандандырууга жана мындан аркы жигердештирүүгө багытталган интенсивдүү сүйлөшүүлөрдү жана жолугушууларды улантат.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK