«Кыргыз-кытай мамилелеринин абалы жана өнүгүүсүнүн келечеги» темасындагы Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Эличилиги жана заманбап эл аралык мамилелер Кытай академиясынын Евразия институту менен өткөргөн тегерек столунун жыйынтыгы боюнча пресс-релиз

2970

2020-жылдын 24-ноябрында «Кыргыз-кытай мамилелеринин абалы жана өнүгүүсүнүн келечеги» темасындагы Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Эличилиги жана заманбап эл аралык мамилелер Кытай академиясынын Евразия институту менен тегерек столду өткөрдү.

Маалымат: Заманбап эл аралык мамилелер Кытай академиясы – Кытайдын эл аралык изилдөөлөр боюнча эң чоң, илгерки жана таасирдүү илимий изилдөө академияларынын бири. Академия Кытайдагы алдыңкы жана барктуу мээ борборлорунун бири жана азыркы учурдагы дүйнөдөгү эл аралык мамилелерди жана көйгөйлөрдү комплекстүү изилдөөчү мекеме катары саналат.

Көрсөтүлгөн чарада Элчи К.Бактыгулова Кыргыз Республикасындагы ички саясаттык абалдын турукташтыруусу, КРнын Президентинин шайлоосу 10-январга белгиленгени, шайлоо алдында жүрүп жаткан иштер ж.б. жөнүндө айтып берди.

Кыргыз Республикасынын өзүнүн бардык эл аралык милдеттенмелерин толугу менен аткаруусун жана чет өлкөлүк өнөктөштөрү, анын ичинде Кытай Эл Республикасы менен достук мамилелерди өнүктүрүү, инвесторлордун укугун жана Кыргызстандын территориясындагы чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча ишин улантуусун белгиледи.

Ал эми кытай тарап эки өлкөнүн ортосунда эки тараптуу мамилелерди бекемдөөнүн эффективдүү чаралардын бири катары Кытай Эл Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда маданий гуманитардык кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкчылыгын билдирди. Кытай академиясынын жетекчилиги Кыргыз Республикасынын мындан ары стабилдүү өнүгүүсүнө үмүт кылды.

  • 2020-жылдын 24-ноябрында «Кыргыз-кытай мамилелеринин абалы жана өнүгүүсүнүн келечеги» темасындагы Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Эличилиги жана заманбап эл аралык мамилелер Кытай академиясынын Евразия институту менен тегерек столду өткөрдү.
  • 2020-жылдын 24-ноябрында «Кыргыз-кытай мамилелеринин абалы жана өнүгүүсүнүн келечеги» темасындагы Кыргыз Республикасынын КЭРдеги Эличилиги жана заманбап эл аралык мамилелер Кытай академиясынын Евразия институту менен тегерек столду өткөрдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK