Башкы консулдуктун кызматкерлери “Россиянын Ленинград облусунун жана Санкт-Петербург шаарынын Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына» барышты

230

2024-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Башкы консулдуктун кызматкерлери “Россиянын Ленинград облусунун жана Санкт-Петербург шаарынын Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгынын Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайына» барышты.

Башкы консул А.И.Сакееванын Борбордун жетекчилиги менен жумушчу жолугушуусу болуп , анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине кайтаруу, ошондой эле кыргызстандыктарды кармоо шарттарын эл аралык стандарттарга ылайык сактоо боюнча ыкчам кызматташуу маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыгында Башкы консулдук менен Чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу жайдын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн механизмдери жана үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүү боюнча макулдашууларга жетишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK