2024-жылдын 6-апрелинде Башкы консулдуктун кызматкерлери жана «Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасынын» өкүлдөрү “Нооруз” майрамына катышты

232

2024-жылдын 6-апрелинде Башкы консулдуктун кызматкерлери жана «Санкт-Петербургдагы кыргыз диаспорасынын» өкүлдөрү Ленинград облусунун Ломоносов районунун Маданият үйүндө “Нооруз” майрамына катышты.

Майрамдык иш-чарага ошондой эле Ленинград облусунун өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, этностор аралык жана конфессиялар аралык мамилелер боюнча комитетинин, Ломоносов районунун администрациясынын, дипломатиялык корпустун, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышты. “Нооруз” сүрөт көргөзмөсү жана декоративдик-прикладдык искусство буюмдарынын көргөзмөсү уюштурулуп, ошондой эле Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Татарстан, Башкирия жана башка чыгармачыл топтор музыкалык номерлерди тартуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK