Кыргыз Республикасынын Башкы консулу А.И.Сакееванын. Санкт-Петербург шаарындагы Этностор аралык мамилелер жана миграциялык саясатты ишке ашыруу боюнча Комитетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.И.Силкин жана Улуттар үйүнүн директору А.Н.Карлов менен жолугушуусу өттү

275

2024-жылдын 10-апрелинде Санкт-Петербург шаарындагы Улуттар үйүндө Кыргыз Республикасынын Башкы консулу А.И.Сакееванын. Санкт-Петербург шаарындагы Этностор аралык мамилелер жана миграциялык саясатты ишке ашыруу боюнча Комитетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.И.Силкин жана Улуттар үйүнүн директору А.Н.Карлов менен  жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун ар кандай маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, миграциялык саясат маселелери, чет өлкөлүк жарандарды адаптациялоо боюнча диаспоралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү тажрыйбасы талкууланып, Комитет Кыргыз Республикасынын тиешелүү кызматтары менен Россия Федерациясына кирүүчү жарандарга анын аймагында жүрүү эрежелери боюнча нускамаларды жана башка маселелерди таркатуу боюнча кызматташууну сунуштады.

Ошондой эле Санкт-Петербургдагы улуттар үйүндө биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүү боюнча келишим түзүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK