2024-жылдын 8-апрелинен 11-апрелине чейин Башкы консулдук консулдук округда Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштердин алкагында Калининград шаарында консулдук тейлөө жүргүзгөн.

180

Иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарына документтер боюнча консулдук кызматтар көрсөтүлүп анын ичинде Калининград облусунун №13 түзөтүү колониясында жайгашкан Кыргыз Республикасынын соттолгон жарандарына  консулдук-укуктук маселелер боюнча консультациялар берилди. Ошондой эле, 2024-жылдын 11-апрелинде Калининграддагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен түрдүү маселелер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш сапардын жүрүшүндө РФ ТИМнин Калининград шаарындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси С.А. Белов менен жумушчу жолугушуу болуп, анда КР жарандарынын келиши жана аймактар аралык кызматташтыктын келечеги талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK