Кыргыз Республикасынын Башкы консулдуктун кызматкерлери бүткүл Россиялык "Түнкү карышкырлар" Мотоклубунун өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары тарабынан уюштурулган "Ленинград үчүн, Ленинград блокадасынын алынышынын 80 жылдыгына" аттуу мотопарадына катышышты.

197

2024-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Башкы консулдуктун кызматкерлери бүткүл Россиялык "Түнкү карышкырлар" Мотоклубунун өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары тарабынан уюштурулган "Ленинград үчүн, Ленинград блокадасынын алынышынын 80 жылдыгына" аттуу мотопарадына катышышты.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында блокададагы Ленинграддан 150 баланы баш калкалаган Токтогон Алтыбасаровага арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул социалдык акция патриоттук духту тарбиялоого жана эки мамлекеттин жалпы тарыхын сактоого багытталган.

Иш-чарага ошондой эле Токтогон Алтыбасарованын уулу М.М. Абдиев, Санкт-Петербург өкмөтүнүн тышкы байланыштар Комитетинин жетекчилиги, Санкт-Петербург шаарында жашаган коомдук ишмерлер жана мекендештер катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK