Башкы консулдуктун кызматкерлери Санкт-Петербургдун КМШ өлкөлөрүндөгү өнөктөштөрү менен кызматташтыгына арналган Эл аралык мамилелерди изилдөөчүлөрдүн экинчи Санкт-Петербург конгрессине катышты
2024-жылдын 26-апрелинде Башкы консулдуктун кызматкерлери Санкт-Петербургдун КМШ өлкөлөрүндөгү өнөктөштөрү менен кызматташтыгына арналган Эл аралык мамилелерди изилдөөчүлөрдүн экинчи Санкт-Петербург конгрессине катышты. Иш-чара Санкт-Петербург мамлекеттик университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин колдоосу менен Санкт-Петербург өкмөтүнүн Тышкы байланыштар боюнча комитети тарабынан уюштурулду.
Жолугушууга Азербайжандын, Казакстандын, Беларустун башкы консулдуктарынын, Түркмөнстандын Ардактуу консулдугунун, Парламенттер аралык ассамблеянын өкүлдөрү жана СПбМУ окутуучулары катышты. Өз баяндамасында Кыргыз тарап соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүнүн динамикасы жана келечеги жөнүндө белгиледи. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин быйылкы 80 жылдыгын белгилеп жаткан ишмердүүлүгү тууралуу өзүнчө бөлүк айтылып кетти.