Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган Санкт-Петербург шаарындагы мекендештер жана жогорку окуу жайларда окуп жаткан студенттер үчүн Башкы консулдук "Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын" активисттери менен биргеликте Маданий-спорттук майрамдык иш-чара өткөрүштү
2024-жылы 5-майында Башкы консулдугу "Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын" активисттери менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө жана Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган Санкт-Петербург шаарындагы мекендештер жана жогорку окуу жайларда окуп жаткан студенттер үчүн Маданий-спорттук майрамдык иш-чара өткөрүштү.
Спорттук мелдештердин жүрүшүндө мекендештер футбол, волейбол, армрестлинг, аркан тартыш боюнча күч сынашты. "Кыргыз күрөш", "ордо" улуттук спорт түрлөрү, ошондой эле чыгармачыл топтордун жана балдар бий ансамблинин аткаруулары Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналды. Конокторго жана катышуучуларга улуттук тамактары уюштурулду.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө кубок, медалдар жана грамоталар тапшырылды. Майрамдык программага жалпысынан 500дөн ашык мекендештер катышты.