Башкы консулдуктун көмөгү менен Россиянын Улуттук китепканасында режиссёр А.Айылчиевдин катышуусунда Кыргыз Республикасынын “Kaganat film” кинокомпаниясы тарабынан тартылган “Высота 144.0” көркөм-документалдуу тасмасынын көрсөтүүсү болуп өттү

141

2024-жылдын 6-майында Башкы консулдуктун көмөгү менен Россиянын Улуттук китепканасында режиссёр А.Айылчиевдин катышуусунда Кыргыз Республикасынын “Kaganat film” кинокомпаниясы тарабынан тартылган “Высота 144.0” көркөм-документалдуу тасмасынын көрсөтүүсү болуп өттү. Тасма согуштун 10 залкар баатыры жөнүндө Советтер Союзунун Маршалы Еременко А.И. “Өч алуунун жылдары” аттуу китебинин негизинде Улуу Ата Мекендик согуштун 79 жылдыгына арналган. 
Иш-чарага мекендештер, кыргыз, чуваш, өзбек диаспораларынын өкүлдөрү жана аскердик окуу жайдын окутуучулар жамааты катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK