Башкы консул А.И.Сакееванын Санкт-Петербург шаарынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Саламаттык сактоо комитетинин төрагасынын орун басары А.Е.Терешин менен жолугушуусу болуп өттү.

236

2024-жылдын 17-майында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык кыргыз-санкт-петербург биргелешкен комиссиясынын 12-жыйынынын Протоколун ишке ашыруунун алкагында Башкы консул А.И. Сакеева Санкт-Петербург Өкмөтүнүн саламаттык сактоо боюнча комитетинин Төрагасынын орун басары А. Е. Терешин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу маселелери, анын ичинде видеоконференция аркылуу практикалык тажрыйба жана илимий маалымат алмашуу, Кыргыз Республикасынын жарандарын милдеттүү медициналык камсыздандырууну каттоо, балдар ооруларын алдын алуу жана дарылоо, башка оор ооруларды дарылоо, ошондой эле медициналык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу боюнча кызматташуу талкууланды. Мындан тышкары, КР медициналык мекемелеринин аймактардагы муктаждыктарынын тизмеси каралып, аларды ишке ашыруу боюнча жакшы келишимдерге жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK