КРдин Стамбул ш. Башкы консулдугунун кызматкерлери 1-2-октябрында Айвалык жана Балыкесир шаарларындагы аялдардын пенитенциардык мекемелерине зыярат кылышты

7566

КРдин Стамбул ш. Башкы консулдугунун кызматкерлери 1-2-октябрында Айвалык жана Балыкесир шаарларындагы аялдардын пенитенциардык мекемелерине зыярат кылышты. Бул мекемелерде тергөө иштин негизинде жаза өтөп КРдин эки жараны калууда. 

Зыярат учурунда, консулдар камакта кармоо жайынын тартиби, шарттары менен таанышып, КРдин жарандарына керектүү маселелер боюнча кеңеш беришти. Жарандар тарабынан камакта кармоо шарттары, укуктарын бузуу боюнча даттануу айтылган жок. Кызматкерлер тарабынан жарандарга материалдык жардам көрсөтүлдү.

Ошондой эле, консулдар тергөө иши жүргүзүлүп жаткан жарандын эки баласы жайгашкан Балыкесир шаарындагы балдардын социалдык эки башкармалыгына зыярат кылышты.

Дипломаттар балдар жайгашкан жердин жашоо – шарттары менен таанышып, Балыкесир шаарынын коомдук коргоо башкармалыгынын жетекчилиги менен көрүштү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK